• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өлкөдөгү автомектептерге 1,1 млн сом айып салынды

17 Кулжа 2022 11:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда автомектептерге 1,1 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Мирсадык уулу Темирлан билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча жалпы 270 автомектеп бар, анын ичинен 193ү текшерилди.

“Биз 198 көрсөтмө берип, 44 мектепке 1 млн 185 миң сом айып пул салдык”, — деди инспектор.

Ал автомектептер тиешелүү лицензиясынын жоктугунан жабылганын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөнүн аймагында талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылган.

Количество просмотров: 325