• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айеркен Саимаити өлтүрүлгөн жерден табылган унаа Кыргызстандын консулдугуна таандыкпы? ТИМ жооп берди

11 Жетинин айы 2019 17:00 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна ишкер Айеркен Саимаити өлтүрүлгөн жерден табылган унаа боюнча билдирме жөнөттү. Азырынча жооп келе элек. Бул тууралуу ТИМдин Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Түркиянын Стамбул шаарында куралдуу кол салуунун кесепетинен ишкер Айеркен Саимаити каза болду. Окуя ал кечээ, 10-ноябрда саат 23:40та (Бишкек убактысы) мейманкананын кафесинде отурганда болгон.

Жергиликтүү басылмалар жарыялаган видеодон тергөөчүлөр 34 CC 2092 номуру (ак менен жазылган текст жашыл фондо) тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унааны сүрөткө тартып жатышканын көрүүгө болот. Мындай номурлар консулдук болуп эсептелинет. Тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин унаа эвакуацияланды.

Окуя болгон жерге дароо полиция жөнөтүлүп, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Буга чейин Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттык» радиосунун Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик изилдөөсүндө айтылган.

Булак: АКИpress.

Количество просмотров: 3853