• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

ТИМ: Мыйзамсыз жүргөн мигранттарга өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө убакыт берилет

26 Кулжа 202615:24 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга административдик санкциялар колдонулбастан Кыргыз Республикасынын аймагынан өз-ыктыярдуу чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы кабыл алынгандыгын маалымдайт.

Жарлыкка ылайык, алар 1-июлдан 31-июлга чейин (чыгуу визаны тариздөө үчүн) кат алуу үчүн жүргөн жери боюнча Кыргызстандын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуусу керек. Документти алгандан кийин чет өлкөлүк же жарандыгы жок адам визаны тариздөө үчүн электрондук өтүнмө берүүгө тийиш. (www.evisa.e-gov.kg)

Бул убакыт аралыгында өлкөдөн чыгып кеткендерге Кыргызстандын аймагында жүрүү эрежелерин бузганы үчүн административдик айып пул салынбайт. Жарлык миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандардын санын кыскартууга багытталган.

Количество просмотров: 8