Айгүл Рыскулова Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу комиссия билдирди.
Айгүл Рыскулова 1995-жылы Эмгек жана социалдык мамилелер академиясын аяктаган.
1981-1995-жылдары өлкөнүн сот системасында иштеген. 1995-2003-жылдары Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
2003-2005-жылдары Социалдык фонддо аппарат башчы жана биринчи орун басары болуп иштеген. 2005-2010-жылдары эмгек, иш менен камсыздоо жана миграция министри болуп кызмат кылган.
2010-2011-жылдары президенттин кеңешчиси, 2012-жылы өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болгон. 2014-2018-жылдары Бишкек шаарынын вице-мэри жана мэрдин милдетин аткаруучу болуп турган.
2020–2024-жылдары КМШнын Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү, экономикалык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы кызматын аркалаган.