• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөшөт

5 Тогуздун айы 2021 9:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-октябрда Тыныбекова алтын медаль үчүн АКШнын спортчусу Кайла Миракл менен күч сынашат.

Тыныбекова Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Жарым финалдык кармашта ал украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 эсебинде утуп алды.

Учурдагы дүйнө чемпиону Тыныбекова 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда. Ал 1/8 финалда япониялык Ноноко Озаки менен беттешип, аны 6:4 эсебинде жеңген.

Ал эми 1/4 финалда Беларусь Республикасынын спортчусу Вероника Иванова менен беттешип, аны таза жеңишти камсыздады.

Количество просмотров: 147