«Өз адамыңа жолукканда сөз дагы ашыкча болот экен. Мен бакытты, жан дүйнө тынчтыгын жооп күтпөстөн, жөн гана алып, аракет кылган адамдан таптым», — деп Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактардагы баракчасына жазып, видео жүктөгөн.
Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкканы белгилүү болду. Башка маалыматтарды ачыкка чыгарган жок.
Ал дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону, Олимпиаданын күмүш, коло байгелеринин ээси. Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнүн жол баштоочусу.