Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча «Тарых жаратуучу» наамына татыды. Бул тууралуу аталган уюм өзүнүн сайтында кыргызстандык спортчу туурасында видео жарыялады.
«Дүйнө чемпиону болуу менен кыялым эле. Азыр менин кыялым орундалды. Бул жеңиш менен өлкөмө жана командама арналат», — деп Тыныбекова билдиргенин аталган уюм жазат.
Эске салсак, ушул жылдын сентябрь айында Нур-Султан калаасында Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталган. Ал 62 кг чейинки салмакта катышкан.