• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айтматов көчөсүндө теректерди кыюу башталды

26 Жетинин айы 202415:27 Бишкек Govori.TV

Ч.Айтматов проспектисиндеги теректерди кыйып салуу иштеринин биринчи этабы башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда 55ке жакын теректер алынып бүттү. Тамыры менен казылып, жүктөлүп кетүүдө.

Жеринде 13 атайын техника жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын 20 кызматкери иштеп жатат. Бардык кыйылган бак-дарактар ишкананын базасына жеткирилет.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө көптөгөн дарактардын сабагы чирип, зыянкечтерден жабыркап, оорунун белгилери байкалат. Көпчүлүк бак-дарактардын үстү куурап, жолдун четине да, аллеяга да эңкейиш болуп, жол кыймылынын бардык катышуучуларына коркунуч туудурат.

Эскерте кетсек, бак-дарактар ​​Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин чынар же жалбырактуу клен менен алмаштырылат.

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан «Ч.Айтматов проспектисин Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин жашылдандыруу» долбоору иштелип чыгып, анын ичинде веложол уюштуруу белгиленген. Отургузула турган көчөттөрдүн бийиктиги 3 метрден 5 метрге чейин болот.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга теректердин ордуна чынар же жалбырактуу клен отургузууну сунуштап, бактарды тандоого катышууга чакырат.

Количество просмотров: 131