• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айыл чарба министринин орун басары Шерипов кызматынан бошотулду

25 Теке 202213:58 Бишкек Govori.TV

Шерипов Нурлан Турганбекович айыл чарба министринин орун басарлыгынан бошотулду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, «КР Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КР айыл чарба министринин орун басары Шерипов Нурлан Турганбекович 2022-жылдын 14-июлунан тартып ээлеген кызматынан бошотулду.

Количество просмотров: 2616