Сатывалдиев Асылбек Владимирович суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.
Ведомстводон маалымдашкандай, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн жаңы орун басарды министрликтин эмгек жамаатына министр Эрлист Акунбеков тааныштырды.