• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айылга кирип келген ак илбирс жаратылышка кое берилди

15 Үчтүн айы 20269:10 Бишкек Govori.TV

Кеминдин Боролдой айылында кармалган ак илбирс Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында табигый жашоо чөйрөсүнө ийгиликтүү кое берилди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жаныбар адистердин көзөмөлүндө бардык ветеринардык жана биологиялык текшерүүлөрдөн өттү. Анын жашы 3–4 жаш, эркек, салмагы 42,7 кг, узундугу болжол менен 2 метр.

«Ак илбирс убактылуу Чүй облусуна караштуу Сайлуу-Терек жайлоосундагы Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (НАБУ) филиалына караштуу жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна жайгаштырылып, толук ветеринардык кароодон өткөндөн кийин бүгүн кайра жаратылышка кое берилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жырткыч — ак илбирс Кемин районунун Боролдой айылына кирип келген. Кийин тийиштүү кызматкерлер аны кармап, коопсуз жайга чыгарышкан.

Количество просмотров: 149