• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жети-Өгүздө ак илбирс короого кирип, малга кол салган

2 Бирдин айы 202613:18 Бишкек Govori.TV

29-январда, болжол менен таңкы саат 04:00 чамасында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак аймагында жайгашкан жеке турак жайлардын биринин короосуна илбирс (кар барсы) кирген учур катталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, аталган окуя боюнча Instagram социалдык тармагында тараган видео материалдын негизинде маалымат алынган. Видеону үй ээси өзү тартып, коомчулукка жарыялаган.

Үй ээсинин билдирүүсүнө ылайык, жырткыч короого кирип, үй жаныбарына кол салган. Иттин үргөн үнүнөн улам кожоюн сыртка чыккан учурда, илбирс бир эчкини басып алган. Бул короого илбирс мурда да кирип кеткен учурлар болгондугу айтылууда.

Алдын ала божомолдорго ылайык, илбирс карыган болушу мүмкүн, анткени эчкини толук тиштеп, олжону алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калган. Бул жырткычтын табигый аңчылык жөндөмүнүн төмөндөшү менен байланыштуу болушу ыктымал.

Үй ээсинин айтымында, илбирс айыл аймагына маал-маалы менен келип турат, кээде короолордун жанынан жырткычтын бут издери да байкалат. Бул жолу илбирс Тескей жайлоосу тарапка кеткен.

Министрлик жарандарды жапайы жаныбарлар байкалган учурда сак болууга, коопсуздук эрежелерин карманууга жана мындай фактылар боюнча ыкчам түрдө тиешелүү органдарга кабар берүүгө чакырат.

Количество просмотров: 130