Кыргызстанда 400дөн ашык ак илбирс бар. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жапайы жаныбарлардын санын так эсептөө толук мүмкүн эмес, бирок атайын ыкмаларды колдонуу, жергиликтүү элден сурамжылоо менен жылына мониторинг жүргүзүлөт.
“Министрлик тарабынан жылда кышка маал бардык жапайы жаныбарларга, ошондой эле ак илбирске мониторинг жүргүзүлүп, болжолдуу саны эсептелет. 2024-жылга карата маалымат 2025-жылдын февраль, март айларындагы изилдөөнүн жыйынтыгы менен берилет. Кышында саналганынын себеби, жапайы жаныбарлар кар түшкөндө ылдыйлап, эсебин чыгарууга ыңгайлуу учур болуп саналат. Министрликтен тышкары, учурда чет элдик демөөрчүлөр тарабынан изилдөөлөр жүргүзүлүп, жапайы жаныбарлар канча санда экендиги көзөмөлдөнүүдө”, — деди Адис Мадиев.
Эске салсак, бүгүн, 23-октябрь тоо экосистеманын туруктуулугунун жана саламаттыгынын белгиси болгон Бүткүл дүйнөлүк “Ак илбирсти коргоо күнү”. 2013-жылдын ушул күнү ак илбирсти сактоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынып, анда бул жаныбардын жашаган чөйрөсү болгон 12 мамлекет ак илбирстерге жагымдуу шарттарды камсыз кылууга милдеттенишкен.
Белгилей кетсек, 2023-жылы президент Садыр Жапаров «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө» жарлыкка кол койгон.