• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Айыпка жыгып же 10 жылга чейин түрмөгө кесүү. Айрым депутаттар Нарматованын мыйзамына каршы

11 Тогуздун айы 202317:07 Бишкек Govori.TV

Депутат Надира Нарматова демилгелеп жаткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги эки комитетте биринчи окууда колдоо тапты.

Мыйзамда Кылмыш жаза кодексине түзөтүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, «ишмердүүлүгү жарандарга зомбулук кылуу же алардын ден соолугуна зыян келтирүүгө, аларды жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же укукка каршы аракеттерге үндөөгө байланыштуу болгон» коммерциялык эмес уюмдарга биригүү же түзүү үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салуу же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат. Бирок, ошол эле учурда, мындай коммерциялык эмес уюмдардын «активдүү» катышуучуларын, «пропаганда менен алектенгендерди» катаалыраак жаза күтөт — 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу.

Айрым депутаттар буга каршы пикирин билдирип жатышат. Алардын бири Гуля Кожокулова.

«Ишмердүүлүккө тыюу же айып салынышы мүмкүн. Бирок сиз 10 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштап жатасыз. Бул адам өлтүрүү же чыккынчылык үчүн берилген жазага тете», — деди эл өкүлү.

Демилгечи депутат Нарматова бул маселе боюнча бир катар органдар өз сунуштарын берип, колдогонун айткан.

«Өкмөттүн сунушу боюнча биз айрымдары менен макулбуз, айрымдары менен макул эмеспиз. Ошол үчүн парламенттик угуудан кийин өкмөттүн өкүлдөрү, юристтер менен бирге тиешелүү жакшынакай мыйзамды иштеп чыгабыз. Бул маселе боюнча Жогорку сот, Башкы прокуратура өз сунуштарын берген, колдогон. Алар дагы өз ойлорун айтышат»,-деген Нарматова.

Бирок, Башкы прокуратура Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаковдун оозеки суроо-талабына жооп жөнөткөн.

Анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан 200-1- жаңы берене (Жарандардын исандыгына жана укуктарына кол салуучу коммерциялык эмес уюмду түзүү) боюнча, ушул эле кодекстин 245-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана башка беренелерде мамлекеттин конституциялык түзүлуштү, коопсуздукту, адамдын саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин бузган учурларга карата кылмыш курамдары каралгандыгы маалымдалат.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарын тизгиндөө аракеттери 2015-жылдан бери көрүлүп келет. Ошол учурда чет элдик тынчылар тууралуу мыйзам даярдалып, бирок ал парламентте үчүнчү окуудан өтпөй калган. Андан кийин 2020-жылы депутат Бактыбек Райымкулов бейөкмөт уюмдарынын финансылык иш-аракеттерин көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштаган. Кийин деле Жогорку Кеңеште бейөукмөт уюмдарынын маселеси айрым депутаттар тарабынан маал-маалы менен көтөрүлүп келген. Эксперттер аталган мыйзам долбоорун адам укуктарынын жалпы декларациясына каршы келе турганын айтышууда.

Количество просмотров: 162