• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Айыл чарба министрлигинде каржылык бузуулар аныкталды

23 Теке 202615:26 Бишкек Govori.TV

Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө 2025-жылга карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитин аяктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 722 миллион 908,6 миң сомду түзгөн финансылык бузуулар жана кемчиликтер ачыкталды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 614,8 миллион сомдун 560 миллион 22,3 миң сому жана 3,8 миң АКШ доллары бюджетке кайтарылды.

«Аудиттин жүрүшүндө эң эле ири мыйзам бузуулар бюджетке кирешелердин өз убагында чегерилбегендигине байланыштуу болгон. Алсак, акы төлөнүүчү кызматтардан жана мүлктү тескөөдөн түшкөн 535,2 миллион сом, милдеттүү төлөмдөр боюнча 29,3 миллион сом жана айып пулдардан 312,7 миң сом бюджетке өз убагында чегерилген эмес. Текшерүү учурунда аталган кирешелердин басымдуу бөлүгү, тактап айтканда, 532,9 миллион сому кайрадан бюджетке калыбына келтирилди. ​Мындан сырткары, министрликте ички финансылык тартип боюнча да олуттуу мүчүлүштүктөр табылды. Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка төлөмдөргө ченемден ашыкча 47,8 миллион сом сарпталса, товардык-материалдык баалуулуктардын эсебинен 7,7 миллион сом ашыкча чыгымдалган. Ошондой эле бухгалтердик эсептеги каталар, дебитордук карыздарды эсептөөдөгү бузуулар 42 миллион сомду түзүп, курулуш-куруу иштеринин көлөмүн жасалма ашыруу боюнча 5 миллион сомдон ашык каражат аныкталып, толугу менен бюджетке кайтарылды. Ал эми мамлекеттик инвестициялык долбоорлордо ЕАЭБ келишимдерин аткаруу эрежелерин бузуу менен катар 13,8 миллион сомдук мыйзам бузуулар катталган.

Адистердин баалоосу боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгы министрликте жана анын аймактык түзүмдөрүндө ички финансылык контролдун жана бухгалтердик эсептин деңгээли начар экенин айгинелейт», — деп жазылат билдирүүдө.

​Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине аныкталган мыйзам бузууларды толугу менен четтетүү, калган карыздарды бюджетке өндүрүү жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча жазма буйруктарды жана сунуштамаларды жөнөттү.

Количество просмотров: 19