• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ак илбирс айылга түшүп келген

30 Бештин айы 202510:51 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кичи-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Боролдой айылына түшүп келген. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жырткычты айылга жакын аймактан тургундардын бири көрүп калган. Окуя тууралуу тиешелүү кызматтарга дароо кабар берилген. Адистер коопсуздук чараларын көрүп, анан кармап кетишкен.

Жаратылыш министрлиги Кызыл китепке киргизилген жырткычты Чоң Кемин жаратылыш паркынын егери жана жергиликтүү мергенчи бактан түшүрүп, кармаганы билдирди.

“Ак илбирс — Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ символдук жаныбар болуп саналат жана анын ар бир катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында маанилүү окуя болуп эсептелет”, — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Количество просмотров: 219