«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» фильми 2021-жылдын «Мыкты тасмасы» деп табылса, режиссёр Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы 2022-жылдын «мыктысы» сыйлыгын жеңди.
Мыкты документалдуу тасма:
2021-жыл: «Аламан», режиссёру — Ильгиз Шернияз жана Сооронбек Тургунмамат уулу.
2022-жыл: «Самат Садыков», режиссёру — Алим Токторов.
Мыкты кыска метраждуу тасма:
2021-жыл: «Сальвадор Дали», режиссёру — Элдияр Мадаким.
2022-жыл: «Жоокер», режиссёру — Аманбек Ажымат.
Мыкты режиссёр:
2021-жыл: Артыкпай Сүйүндүков — «Шамбала».
2022-жыл: Актан Арым Кубат — «Эсимде».
Мыкты сценарий:
2021-жыл: Артыкпай Сүйүндүков — «Шамбала».
2022-жыл: Дальмира Тилепбергенова жана Актан Арым Кубат — «Эсимде».
Мыкты оператор:
2021-жыл: Акжол Бекболотов жана Мурат Алиев — «Шамбала».
2022-жыл: Акжол Бекболотов — «Эрмен жыты».
Мыкты сүрөтчү:
2021-жыл: Байыш Исманов — «Акыркы көч»
2022-жыл: Элчибек Шаменов — «Эсимде».
Мыкты үн режиссёру:
2021-жыл: Марс Түгөлов жана Калыбек Шерниязов — «Акыркы көч».
2022-жыл: Калыбек Шерниязов — «Үй сатылат».
Мыкты композитор:
2021-жыл: Музали Жээнбаев — «Шамбала».
2022-жыл: Мурзали Жээнбаев — «Үй сатылат».
Мыкты монтаж:
2021-жыл: Наргиза Маматкулова, Караш Жанышов, Элдияр Мадаким — «Шамбала».
2022-жыл: Элдияр Мадаким — «Үй сатылат».
Мыкты аял ролу:
2021-жыл: Шайыр Касымалиева — «Акыркы көч».
2022-жыл: Таалайкан Абазова — «Эсимде».
Мыкты эркек ролу:
2021-жыл: Марат Алышпаев — «Акыркы көч».
2022-жыл: Мирлан Абдыкалыков – «Эсимде».
Көрүүчүлөр жактырган мыкты тасма:
2021-жыл: «Аяш», режиссёру: Бакыт Османканов, продюсери: Адилет Осмоналиев, Жениш Майрамбек уулу, Бакыт Османканов.
2022-жыл: «Аяш-2», режиссёру: Бакыт Османканов, продюсери: Адилет Осмоналиев, Жениш Майрамбек уулу, Бакыт Османканов.
Белгилей кетсек, «Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгы жыл сайын Кыргызстан кинематографтар союзу жана «Айтыш» коомдук фондунун колдоосунда өткөрүлөт.