• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ак үйдүн темир тосмолору Жалдагы балдар ооруканасына орнотулуп жатабы?

22 Чын куран 2022 14:46 Бишкек Govori.TV

Ак үйдүн айланасынан алынган темир тосмолор Жалдагы балдар ооруканасына орнотулуп жатат. Бул тууралуу фейсбуктун Эдилбек Келдибеков аттуу колдонуучусу жазып чыккан.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине бул маселе тууралуу кайрылганыбызда, ал тосмолор оорукананын айланасына орнотулбай турганын айтышты.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал тосмолор оорукананын мурунку жетекчисинин тушунда алынып келинген.

«Улуттук эне жана балдарды коргоо борборунун директору Гульзат Маймерова алынып келинген тосмолор ал жакка орнотулбай турганын айтты. Темир тосмолор мурунку директордун учурунда алынып келинген экен. Аларды кайра алып кетишет, бул жерге коюлбайт», — деди маалымат катчы.

Эске салсак, 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Ак үйдүн айланасындагы темир тосмолор алынган болчу.

Количество просмотров: 395