Кыргызстанда ушул тапта 20 оорукана курулуп жатат, алардын курулушу бир жыл ичинде аягында чыгат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн ЖК комитет жыйынында билдирди.
«Аймактардагы дарыгерлердин маяналары 80 миңден 100 миң сомго чейин көтөрүлдү. Биз азыр Бишкек жана Ош шаарларындагы дарыгерлердин айлык акысын көтөрүү маселесин Министрлер кабинетине сунуштап жатабыз», — деди министр.