Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.
«Ак-Суу кенч» эс алуу борборун куруу менен алектенип келген Чынара Урманаева КР өлкө башчасы Сооронбай Жээнбековго, өкмөт башчы Абылгазиевге жана төрага Дастанбек Жумабековго кайрылуу жасады.
Анын айтымында, Ак-Суу капчыгайында атайы эс алуу борборун куруу максатын көздөп иш башташкан, бирок, жер маселеси чыр жаратып келүүдө.
Жана ал кошумчалагандай анын дарегине карата каралоолор жүрүп жатканын айтып, буга көңүл буруп, маселени чечип берүүнү өтүндү.