Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгында коррупциянын алдын алуу боюнча кезектеги иш-чара уюштурулду.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага Башкы прокуратуранын өкүлү Алтынбек Апиев катышып, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.
Ал эми башкармалыктын жетекчиси Вахтанг Алаков көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана мобилдик топтордо түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы иштин жүрүшү менен жеринен таанышты. Анда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана ачык-айкындуулукту камсыздоо чаралары көрсөтүлдү.
«Мында көзөмөл жүргүзгөн кызматкерлер боди-камералар менен толук камсыздалган. Көзөмөл процесси үзгүлтүксүз видео жазууга алынып турат», — деп айтылат маалыматта.
Бул чаралар кызматтык тартипти чыңдоого жана адам факторунун таасирин азайтууга багытталган. Департамент бул багыттагы иштерди мындан ары да улантарын билдирет.