• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таалайбеков туугандар аркылуу «маселени чечүүгө» аракеттер болуп жатканын айтты

13 Баш оона 20259:36 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын муниципалдык инспекциясынын жаңы жетекчиси, мурда принципиалдуу МАИ кызматкери катары таанымал болгон Мирлан Талайбеков ишин шаар тургундарына, чиновниктерге, жада калса өзүнүн туугандарына кайрылуу менен баштады.

Ал тааныштар же туугандар аркылуу «маселени чечүүгө» болгон ар кандай аракеттерге бөгөт коюларын эскертти.

«Мага буга чейин телефон чалып, «жардам берүүнү» суранып, достор аркылуу жол издешти. Мындай кылбоону өтүнөм. Бардык маселелер мыйзам чегинде жана шаар тургундарынын кызыкчылыгында гана чечилет, жеке келишимдер боюнча эмес», — деп баса белгиледи Мирлан Талайбеков.

Чиновник кызматтык унаадан, айлыктан, өргүү акысынан, сыйлыктардан, жада калса жеке кабинетинен баш тартарын билдирди.

«Жетекчинин креслосун символикалык түрдө кесиптештериме өткөрүп берем. Менин максатым — жабык эшиктин артында отуруу эмес, көчөлөрдө иштөө, талкаланган тротуарлардан жана башаламан унаа токтотуудан баштап көрктөндүрүүдөгү мыйзам бузууларга чейин көйгөйлүү жерлерди өз көзүм менен көрүү жана дароо чара көрүү», — деп белгиледи ал.

Инспекция башчысынын айтымында, курулуш компаниялары, базарлар жана көңүл ачуучу жайлар эми катуу жана туруктуу көзөмөлдө болот.

«Туугандарымдан дагы менин ишиме таасир этүүгө аракет кылбагыла деп суранам. Системаны өзгөртө турган убак келди. Жакында эле төшөлгөн асфальт бузула баштаса, биз көз жумуп койбойбуз. Катуу жана жеңилдиктерсиз иш алып барууга туура келет», — деп билдирди Мирлан Талайбеков.

Количество просмотров: 704