Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 144-145-чакырымдарынын аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана айрым тилкелерине зыян келтирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, табигый кырсык кечээ, 7-июлда саат 16:40 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин болгон.
«Учурда аталган тилкеге министрликтин атайын техникалары тартылып, жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Жолдо унаалардын кыймылына чектөө киргизилген жок, каттам бар», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аталган тилкеде жол коопсуздугунун талаптарын так сактап, этият болууга чакырат.