Эгер ипотекага үй алган адам үй үчүн каражатты үч ай бою төлөбөсө келишим жокко чыгарылып, үйү мамлекетке алынат. Анткени Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ички жобосу ушундай. Бул тууралуу компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов бүгүнкү Бишкекте өткөн жыйында билдирди.
Н. Баясов төлөй албай жаткан кардар менен иш алып барышаарын, ошол иштин жыйынтыгы менен чечим чыгарын да айтты. Бирок кардар төлөмүн өткөрүп жиберсе, ага чейин төлөгөн каражаты да кайтарылбасы белгилүү болду.
Эске салсак, өткөн жылдын 16-декабрында Бишкектин Скрябин көчөсүнө Мамлекеттик ипотекалык компания курган 549 батир, 24-декабрда №47 түзөтүү колониясынын ордуна түшкөн “Мурас” турак-жай комплексинен 510 батир үйгө муктаж батир ээлерине берилген.
Мындан тышкары, ушу тапта дагы өлкө боюнча дагы 40 миң адам үй алуу кезегинде турганы маалым.