2025-2026-жылдары коррупция толугу менен жоюлушу керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуусунда билдирди.
Ташиев коррупцияга каршы күрөш мындан ары кыйла күч алаарын белгиледи.
«2025-2026-жылдары коррупция толугу менен жоюлушу керек. Катаал мыйзамдар күчүнө кирди. Бардыгына, айрыкча мамлекеттик кызматкерлерге эскертем, кийин билбей калдым дебегиле. Учурунда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш башталганда көптөр күлүшкөн, бирок учурда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок экенин ишенимдүү айта алам. Коррупция дагы ошондой жок кылынат», — деди Ташиев.