Жашы 65тен өткөн медициналык кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Ахматова брифинг учурунда билдирди.
«65 жаштан уулу, боюнда бар аялдар жана кичинекей балдары бар медициналык кызматкерлер коронавирусун жуктуруу тобокелчилигин алдын алуу максатында акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгарылды», — деди ал.