• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Министрлик: Мугалимдердин эмгек өргүүсүнүн мөөнөтү кыскарган жок

16 Кулжа 2022 11:08 Бишкек Govori.TV

Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы белгиленди.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү токтомго 15-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу үчүн министрлер кабинети менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгын белгиледи.

Ага ылайык, өргүүнүн узактыгы мугалимдер жана окутуучулар үчүн 56 күндү түзөт.

«Өргүүнүн күндөрү кыскарды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 332