• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Окуу жылынын башынан бери 180 окуучудан COVID аныкталды

25 Тогуздун айы 2021 12:54 Бишкек Govori.TV

Жыл сайын республикада күзгү-кышкы мезгилде сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен ооругандардын көбөйүшү байкалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда айтты.

«Окуу жылынын башынан бери Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы балдардын арасында 68 учур жана мектеп жашындагы балдардын арасында 180 учур катталган. Бул мезгил ичинде эң көп ооругандар 60-69 жаш курагында катталган. Буга сасык тумоо вирусунун төмөнкү температурага жогорку туруктуулугу жана адамга катуу суук тийген учурунда ага каршы коргонуусунун төмөндөшү өбөлгө түзөт. КРВИ менен ооруган чоң кишилер жеңил көтөрүшөт, эгерде балдарды кароодо санитардык-гигиеналык чаралар сакталбаса алар башкаларга анын ичинде балдарга да жугузушат», — дейт Акматова.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги КРВИ жана жугуштуу пневмония менен ооруган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча керебеттерди кеңейтүү боюнча чечим кабыл алынганын кошумчалады.

Количество просмотров: 72