Акмоло облусунун Бестөбе айылында беш күндөн бери «Алтыналмас» ишканасынын ондогон шахтерунун тынч митинги уланууда.
11-июнь күнү кечинде айылга Степногорск шаарынын акими барып, бирок митингчилерди тарката алган жок.
«Алматыда потенциалдуу инвестордун жолугушуусу пландалган. Мен расмий түрдө, протоколго ылайык, 22-июнда жолугушууну сунуштайм. Чакырам, жолугабыз, сүйлөшөбүз, инвесторлор келет, өнөр жай министрлигин да чакырабыз», — деди чогулгандарга Степногорск шаарынын мэри Алпысбай Кайыржанов.
Акимдин сунушун кенчилер менен тургундар кабыл алышкан жок. Алардын айрымдары кайрадан жергиликтүү маданият үйүнүн имаратынын алдында түнөп, талаптарынын чечилишин күтүп жатышат.
«Биз Скляр жана Маржикпаев менен гана жолугабыз, башкалар менен жолугушууну каалабайбыз, анткени алар эч нерсе чечпейт. Чечүүчүлөрдү талап кылабыз», — деп жооп беришти тургундар акимге.
Кенчилер 7-июндан бери нааразылык акциясын улантып жатышат. Бийлик түнүчүндө прожекторду өчүрүп салгандан кийин эл фонариктерин алып келген. Алар биринчи вице-премьер-министр Роман Склярга да видеокайрылуу жасашкан, бирок ал кенчилердин талабына жооп берген жок.
Бестөбе кенинин иши 2021-жылдын июль айында токтоп, дээрлик 1200 адам ишсиз калган. Учурда алардын айрымдары башка жумушка орношкон. Бүгүнкү күндө шахталарды суу каптап жатат. «Алтыналмас» компаниясы шахтанын суусун төгө турган жери жок экенин айтууда. Жумушчулар алтынды ачык жол менен иштетүү үчүн компания муну атайлап жасап жатканын билдирүүдө.