• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн визанын мөөнөтүн 10 жылга узартты

4 Жалган куран 202411:02 Бишкек Govori.TV

АКШ Кыргыз Республикасынын жарандарына берилген жаңы туристтик жана ишкердик визаларынын мөөнөтүн беш жылдан он жылга узартты. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын паспортун алып жүргөн жарандан визанын B1, B2 и B1/B2 түрү үчүн алынуучу 20 долларлык төлөм алынбай турган болду.

Элчиликтин маалыматына караганда, он жылдык визалар 4-марттан тарта гана бериле баштайт. Мурда берилген визаларга тиешеси жок. Быйыл жай мезгилинен тарта консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу күтүлүүдө.

Количество просмотров: 121