• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

АКШ Райымбек Матраимовдун бошотулганына нааразы

16 Чын куран 2021 17:31 Бишкек Govori.TV

Америка Кошмо Штаттары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бошотулганына байланыштуу билдирүү таратып, муну “көңүл калтырарлык иш” деп атады. 16-апрелде Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө бажыдагы коррупциялык схемага катышканы, натыйжада кеминде 700 миллион доллар адалданганы үчүн Матраимов “Магнитский тизмесине” киргизилгени жана визалык чектөөгө алынганы, бул акчаны кыргыз өкмөтү саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарбасы тармактарына жана пенсияга колдонсо болмоктугу белгиленди.

Ошондой эле бул билдирүүдө “АКШ Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү кылмыштуу мүлкүн камакка алып, кыргыз элине кайтарып берүү аракеттерин уланта берет. Биз Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдары менен биргеликте анын камакка алынышы ыктымал болгон мүлкүн жана каржылык кызыкчылыктарын аныктоо боюнча иштеп жатабыз” деп айтылды.

Элчилик АКШ 2019-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин коррупциялык 4,5 миллион долларын Кыргызстанга кайтарып беришин Кошмо Штаттардын жемкорлукка каршы аракетинин жана уурдалган активдерди кыргыз элине кайтаруу ниетинин далили экенин билдирди.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Матраимовду кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча быйыл 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.

Ага чейин Матраимовго карата коррупцияга байланыштуу иш козголгон. 11-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айыппул чегерген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.

УКМК Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Количество просмотров: 265