Бишкек.12.02.18.Govori.TV
АКШ жараны менен мейманканада түнөп келген Чүй областындагы мектеп-интернатта окуган эки кыз боюнча кылмыш иши козголо элек. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Govori.TV сайтына ЧИИББнын басма сөз борбору билирди.
Мындан сырткары учурда Чүй областындагы мектеп-интернаттын директору, мугалимдеринен бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын жана алардын жооптору боюнча маалымат бера албастыгын кошумчалады.
Эске сала кетсек, Чүй областынын Чүй районундагы мектеп-интернатында тарбияланып жаткан 8 жана 10 жаштагы эки кыз АКШ жараны менен үч күн мейманканага түнөдү деген маалымат интернат булактарына чыккан. Бул маалыматтан кийин атайын Билим берүү министри, ИИМ жана Чүй райондук мамлекеттик адиминстрациясынын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү ишин баштаган. Бул иш укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынганы да айтылган.