• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

АКШда Орусиянын активдерин Украинага жардам иретинде колдонуу жөнүндө мыйзам жактырылды

28 Чын куран 2022 17:07 Бишкек Govori.TV

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Орусия менен байланышы бар активдерди Украинага жардам көрсөтүү үчүн колдонууга жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу «Америка Үнү» кабарлады.

Мыйзам долбоорун 417 конгрессмен колдоп, жетөө каршы болду.

Документте бул чара наркы эки миллион доллардан жогору турган, анын ичинде орусиялык энергетикалык компаниялардын менчиги болгон активдерге карата колдонулары айтылат. Мыйзам орус бийлигинин колдоосу менен табылган активдерге да тиешелүү болот.

Алынган каражатты сатуу, акчаны Украинага аскердик жана гуманитардык жардам катары жөнөтүү, ошондой эле Украинанын инфраструктурасын калыбына келтирүү жана башка өлкөлөрдөгү украин качкындарына көмөк иретинде берүү сунушталууда.

Мындан тышкары бул каражатты орус элинин өнүгүшүн, анын ичинде демократия, адам укуктарын колдоо тармагындагы программаларды колдоого да колдонуу ыктымалдуулугу каралып жатат.

Буга чейин Украинанын юстиция министри Денис Малюська Киев Орусиянын тоңдурулган резервдерин колдонууга ниттенип жатканын билдирген. Ал активдерди тоңдурган өлкөлөр атайын мыйзам кабыл алышы керектигин айткан.

Количество просмотров: 325