• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

АКШнын башкы прокурору Николас Мадурого коюлган айыптарды атады

3 Үчтүн айы 202622:44 Бишкек Govori.TV

АКШ бийлиги Венесуэланын авторитардык башчысын кармап кетип, наркотерроризм, мыйзамсыз курал сактоо жана маңзат аткезчилиги боюнча айып такканын расмий билдирди.

Николас Мадурого жана анын жубайы Силия Флореске АКШда Нью-Йорктун Түштүк районунда айып тагылганын 3-январда АКШнын башкы прокурору Памела Бонди жарыялады:

«Николас Мадуро Америка Кошмо Штаттарына каршы максатта баңгизат терроризми, кокаин импорту, курал жана жардыргыч зат сактоо боюнча кутум уюштурган деп айыпталууда. Алар жакында америкалык жердеги америкалык сотто америкалык сот адилеттиги алдында жооп берет».

АКШ президенти Дональд Трамптын айтымында, Венесуэладагы операция күч органдары менен биргеликте ишке ашырылды.

«Америка Кошмо Штаттары Венесуэлага жана анын лидери, президент Николас Мадурого каршы ири масштабдуу операцияны ийгиликтүү жүргүздү, ал кармалып, аялы менен кошо өлкөдөн чыгарылды. Бул операция АКШнын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлдү», — деп жазды Трамп.

Количество просмотров: 380