• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

АКШнын Мамлекеттик департаменти: Өзбекстанда адам укуктарынын бузулушу уланууда

15 Чын куран 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда жарандардын негизги укуктары одоно бузулган көрүнүштөр уланууда. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган адам укуктарынын 2021-жылдагы абалы тууралуу жылдык баяндамасында айтылат.

Документтин авторлору 2021-жылы октябрда өткөн президенттик шайлоодо шайлоочуларга альтернативдүү талапкерлерди тандоо мүмкүнчүлүгү берилбегенин белгилешкен.

«Президент Мирзиёев добуштардын 80,2 пайызы менен кайра шайланды. Шайлоочуларда саясий альтернативаны тандоо мүмкүнчүлүгү болгон жок. Анткени чыныгы оппозициянын талапкерлери шайлоого катыштырылган эмес»,- деп жазылган баяндамада.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) маалыматына ылайык, Өзбекстанда шайлоо тынч өткөн, «бирок мыйзам бузуулар катталып, добуш берүү жана добуштарды саноо эрежелери сакталбаган учурлар болгон».

Мамдепартаменттин баяндамасында 2021-жылы Өзбекстандагы мамлекеттик чиновниктер адамдын фундаменталдык укуктарын бузган учурлар катталып, бирок алардын көбү жазаланбаганы белгиленген. Мындан тышкары Өзбекстандын түрмөлөрүндө жана тергөө абактарында абал оор бойдон калып жатканы жазылган.

«Түрмөлөр менен тергөө абактарындагы адамдардын саны нормадан 40% көп. Ал жайларда санитардык эрежелер сакталбай, тамак-аш жетишпейт. Камактагыларга карата күч колдонгон учурлар да катталууда. Абак жайларында адамдарды медициналык жактан тейлөө да өтө начар уюштурулган», — деп жазылган баяндамада.

Документтин «Саясий туткундар» бөлүгүндө камактагы блогер Отабек Сатори жөнүндө баяндалган. Telegram’дагы жана YouTube’дагы «Халк Фикри» (Эл пикири) видеоблогу аркылуу бийликти сындаган билдирүүлөрү менен белгилүү блогер былтыр 10-майда 6,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал «Опузалап акча талап кылуу» жана «Жалаа жабуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар өзбек өкмөтүн Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга чакырышкан. Укук коргоочулардын пикиринде, блогер коррупцияга каршы күрөшүнүн айынан жасалма кылмыш ишинин негизинде кармалган.

Количество просмотров: 67