• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстан менен Өзбекстанга келет

24 Бирдин айы 2023 18:15 Бишкек Govori.TV

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта Казакстанда, Өзбекстанда жана Индияда болот. Бул тууралуу Мамдепартаменттин басма сөз кызматы билдирди.

Блинкен сапарын Астанадан баштап, C5+1 (Борбор Азия өлкөлөрү + АКШ) форматындагы министрлердин жолугушуусуна катышат. Анда ал «АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн колдой турганын, ошондой эле глобалдык жалпы чакырыктарды чечүү боюнча бул аймак менен кызматташууну колдой турганын дагы бир жолу ырастайт» деп күтүлүүдө.

Министрлердин C5+1 форматындагы жолугушуусу экономикалык, энергетикалык жана экологиялык алакаларды бекемдөө маселелерине, ошондой эле коопсуздук тармагы боюнча АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкка арналат.

Казакстандан кийин Энтони Блинкен Ташкентке барып, расмий бийлик адамдары менен «эки тараптуу жана аймактык маселелер боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүү» тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул анын Ташкентке алгачкы сапары болот.

Блинкен 1-мартта G20 уюмунун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Нью-Делиге барат.

Количество просмотров: 168