• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аксы-Ала-Бука жолу ачылды

5 Үчтүн айы 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Аксы-Ала-Бука жолу ачылды. Каттам өз нугунда жүрүп жатат. Жол боюна тигилген боз үйлөр алынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Белгилей кетсек, 4-январь күнү Аксы районунун Кербен шаарынын Ак-Дөбө  айылынын эки жүздөн ашык тургуну Аксы — Ала-Бука унаа жолун тосуп алышкан. Алар 2020-жылдын 7-октябрь күнү Кербен шаарынын «Алтын казык» кинотеатрынын алдында болгон башаламандык боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөөнү акыйкат жүргүзүүнү талап кылышкан.

Бул факты 4-январь күнү Аксы РИИБи Жазык кодексинин 265-беренесинин (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя боюнча Аксы райондук милициясы жол тосуп турган жерде коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Количество просмотров: 73