Аксы районунун Ак-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну Алтынбү Талантбек кызы 3 эм төрөдү. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Жаш үй-бүлө 3 эмге Айкөл, Көйкөл, Сайкал деген ысымдарды ыйгарган. Бул үй-бүлөгө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчилиги 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырган.
Белгилей кетсек, 25 жаштагы эне буга чейин 1 уул, 1 кыз төрөгөн.