УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында үч эм кызды жарыкка алып келген Алтынай Майрамбековадан кабар алды.
Бүгүн, 4-ноябрда Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып, үч эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов жана Алтынай Майрамбековага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.
Ошондой эле, наристелердин саламаттыгын көзөмөлгө алууну жана аталган үй- бүлөдөн кабар алып турууну тийиштүү тараптарга тапшырды.
Өз кезегинде үч эмдин ата-энеси Президент Садыр Жапаровго жана генерал-полковник Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, үч эмге Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар ыйгарылган.