• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акталчат-Казарман көпүрөсү бүгүн-эртең калыбына келтирилет

15 Бугу 2018 11:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.05. 2018. Govori.TV

«Акталаа районундагы  Акталчат-Казарман көпүрөсү бир, эки күндө калыбына келтирилип баштайт. Бул тууралуу ишкер Кылыч Исамамбетов өзүнү соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кадырман Акталаалык биртуугандар! Бугун саат 9:00 наркы өйүз аркылуу барып жеринен күбөо болуп, туугандар менен сүйлөштүм. Сүрөттө көрүнүнп тургандай сууну бөгөп үстүнөнө жол салуу иштери жүрүп  жаткан экен. Бүгүн  кечке бөгөп бүтсө кран барып бетон плитаны коет. Бир гана нерсе түнкүсүн суу кирип тосмону алып кеткенче жетишүүлөрү керек. Бир күн жакшы иштесе бүтө турган иш экен. Катуурак көзөмөлдөр, жардамдашып туралы»,-деп жазды ал.

Эске сала кетсек, эки күндөн берки тынымсыз жааган жамгырдан дарыянын суусу көбөйүп, көпүрөнү суу алып кеткен эле. Акталаанын төрт айылы жана Казармандын жашоочулары 500 чакырымга сууну айланып келүү азабына тушугушкан.

Количество просмотров: 6