Режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара. Кызыл. Сары» тасмасы XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалында мыкты тасма деп табылды. Бул тууралуу киносынчы Гульбара Толомушева жазып чыкты.
Бул кыргыз киносу үчүн чоң жеңиш жана биздин кино өнөрүбүздүн жогорку деңгээлин айгинелейт, де айтылат маалыматта.
Кинофестиваль үстүбүздөгү жылдын 13-22-июнь күндөрү Шанхай шаарында өттү.
Тасманын сценарийи жазуучу Т.Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.
Шанхай эл аралык кинофестивалы — Кытайдагы эң чоң кинофестиваль болуп эсептелет. Фестиваль биринчи жолу 1993-жылы өткөрүлүп, анда 33 өлкөдөн 167 тасма көрсөтүлүп, 300 миңден ашык көрүүчү катышкан. Калыстар тобунун курамында Карен Шахназаров жана Оливер Стоун болгон.