• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Активист Эртай Искаков суракка чакырылды

15 Теке 202320:09 Бишкек Govori.TV

Активист Эртай Искаков милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу маалымат анын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери аны Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө алып барган. Ал суракка Селекция айылындагы жана Сары-Өзөн конушундагы 14-июлда өткөн нааразылык акциясына байланыштуу чакырылган.

Эске салсак, 14-июлда Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары бир нече күндөн бери таза суусуз отурганын айтып, нааразылык акциясын өткөргөн. Тургундар бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылып Бишкектин Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосууга аракет кылышкан.

Искаков акцияны видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыккан.

Количество просмотров: 101