• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку cот Сокулукта таза суу талап кылган акцияда кармалгандарды актады

26 Аяк оона 202415:25 Бишкек Govori.TV

25-сентябрда Жогорку сот Сокулуктун Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандарды актоо боюнча Чүй облустук сотунун чечимин күчүндө калтырты. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталгандардын бири, блогер Эртай Искаков билдирди.

«Чүй облустук соту быйыл 12-апрелде толугу менен актаган. Июнь айында прокурор кассациялык арызды Жогорку сотко жазган экен. Кечээ отурум болуп, Жогорку сот Чүй облустук сотунун чечимин күчүндө калтырды», — деди Искаков.

Былтыр 20-ноябрда Сокулук райондук сотунун чечими менен Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынган, ушул айылдын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов 100 күндүк коомдук жумушка тартылган.

Үчөө тең Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча акталган, ал эми «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» беренеси боюнча айыптуу деп табылган.

Адвокаттар бул чечимге каршы экенин айтып, Чүй облустук сотуна кайрылган.

Былтыр июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Количество просмотров: 66