Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Сокулукта ооруканада жатат. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Укук коргоочу кайдыгер карабаган жарандардан активисттин дарылануусуна жардам берүүнү суранган.
«Кылмыш иштери, соттук териштирүүлөр анын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Өзү эч качан жардам сурабайт, 4000 сом пенсия менен жашайт. Сапаттуу дарыланышы керек», — деп жазган Гүлшайыр Абдирасулова.
Активистке акчалай жардамды төмөндөгү номер аркылуу которсо болот.
M Bank 0555 081 678 (Өндүрүш Токтонасыров)