• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Активистке кол көтөргөн чиновник. Милиция окуяны териштирип жатат

7 Бирдин айы 2022 11:04 Бишкек Govori.TV

Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов жарандык активист Батмакан Жолдубаевага кол көтөрдү. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, окуя 5-февраль күнү «Ынтымак» жана «Ишеним» фракцияларынын көчмө жыйыны өтө турган жерде болгон. Анда аппарат жетекчи Алихан Ураимов активистти жыйынга катыштырбай койгон. Жолдубаеванын айтымында, Ураимов ага кол көтөрүү менен уюлдук телефонун тартып алган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Батмакан Жолдубаеванын арызы Лейлек РИИБине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады. Активист учурда Лейлек районунун ооруканасында дарыланууда.

Көп өтпөй, Ураимов Фейсбуктагы баракчасына окуя боюнча видео кайрылуу жарыялап, жарандык активист анын жеке аброюна шек келтиргенин айтып чыкты.

Количество просмотров: 367