Камактагы блогер Батмакан Жолболдуеванын ишин Ош облустук милициясы тергемей болду. Маалыматты Govori.TVга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева тастыктады.
Маалыматка караганда, Батмакан Жолдубаеванын жактоочусу Баткен облустук ички иштер башкармалыгына ишенбөөчүлүк көрсөтүп, иш 15-апрелде Ошко которулган.
Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган.