• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Активисттер Астананы талибдер менен келишим түзгөнү үчүн сындады

10 Баш оона 2023 12:47 Бишкек Govori.TV

Каттоодон өтпөгөн “Алга, Казакстан!” оппозициялык партиясы “Талибан” кыймылы көзөмөлдөгөн ооган өкмөтү менен соода-сатыкты кеңейтүү жөнүндө макулдашкан Казакстан бийлигинин аракетин “террордук топко көмөктөшүү” деп эсептейт.

Бул тууралуу 9-мартта Алматыда өткөн маалымат жыйынында айтылды.

«Талибан кыймылынын ишмердүүлүгүнө Жогорку соттун чечими менен Казакстанда тыюу салынган. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, террористтик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу жазаланат. Ошого карабастан августтун башында Казакстанга тыюу салынган кыймылдын өкүлдөрү келип, сооданы көбөйтүү боюнча келишимдерге кол коюшкан. Алар менен байланыш түзүү, бизнес жүргүзүү террордук уюмга жардам берүү деп эсептейбиз», — деди “Алга, Казакстан!” партиясын каттоо боюнча демилгелүү топтун мүчөсү Мереке Нугманов.

3-августта Астанада өткөн казак-ооган бизнес форумунда Казакстан менен Ооганстан дээрлик 200 миллион долларлык келишимге кол коюшкан. Форумга катышуу үчүн Казакстандын борборуна Ооганстандан 200дөй делегат келген.

Казакстанда «Талибан» кыймылы террористтик уюм деп табылган. Бирок буга карабастан Астана талибдер менен расмий деңгээлде байланышып келет. 2021-жылы талибдер Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин Казакстан Кабулга расмий делегациясын жөнөтүп, Кабулдагы казак элчилиги ишин уланткан. Анда Акордо «гуманитардык маселелерди чечүү үчүн» Ооганстандын жаңы бийлиги менен байланыш түзүүгө даяр экенин билдирген. Быйыл апрелде Казакстан ТИМи ооган «дипломаттарына» аккредитация берүү тууралуу «Ооганстанстандын жаңы администрациясынын» өтүнүчү канааттандырылганын билдирген.

Количество просмотров: 87