• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Активист Айбек Теңизбайды белгисиз адамдар кармап кетишкени айтылды

11 Бештин айы 202511:28 Бишкек Govori.TV

11-декабрда Чүйдүн Кой-Таш айылында активист Айбек Теңизбайды үйдөн өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар кармап кеткени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” активисттин эжеси билдирген.

Маалыматта айтылгандай, белгисиз адамдар Айбек Теңизбайдын апасынын да уюлдук телефонун алып кетишкен.

Азырынча активистти кайсы укук коргоо органынын кызматкерлери алып кеткени боюнча маалымат жок.

Количество просмотров: 138