• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Актриса Мерьем Узерли: Кыргызстанга дагы келем

6 Аяк оона 2021 12:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга дагы келүү ниетим бар. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында «Даңазалуу доор» түрк сериалында Хюррем Султандын ролун аткарган актриса Мерьем Узерли билдирди.

«Кутман күнүңүздөр менен! Asian World Film фестивалынын алкагында Кыргызстанга келгениме кубанычтамын. Ошондой эле 2019-жылы Азия Эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун төрайымы болгон мен үчүн сыймык. Бул сапар аз убакытка келгенге туура келди. Бирок Кыргызстанга дагы келип, кооз жаратылышы менен таанышып, күйөрмандар менен жолугуу ниетим бар», — деди ал.

Белгилей кетсек, актриса Азия аймактык телесериалдар үчүн сыйлык уюштуруу долбоорунун алкагында Бишкек шаарына келди. Мерьем Узерли 2019-жылы Азия Эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун төрайымы болгон.

Азия Эл аралык кинофестивалын 2015-жылы Лос-Анжелес шаарында коомдук ишмер Садык Шер-Нияз негиздеген.

Количество просмотров: 487