• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Кыргызстан курамасы Палестина менен жолдоштук беттеш өткөрөт

9 Кулжа 202611:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргызстандын Улуттук курама командасы ФИФАнын июнь айындагы эл аралык беттештеринин алкагында Палестинанын улуттук курама командасына каршы экинчи беттешин өткөрөт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Башталышы саат 20:30да.

Ал эми күйөрмандар үчүн атайын шоу-программа жана көңүл ачуучу иш-чаралар саат 18:30дан тарта башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин, 6-июнда курама командалар кез келип, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган.

Количество просмотров: 19